Жетекчилик
Директорлор кеңеши
Тумонбаев Бактыбек Асаналиевич
Директорлор кеңешинин Төрагасынын орун басарыКыргызбаева Асель Жекшенбековна
Директорлор Кеңешинин мүчөсүМырзабаев Жаныбек Сагадылдаевич
Директорлор кеңешинин мүчөсүОморкулов Азизбек Пазылбаевич
Директорлор кеңешинин мүчөсүАбдрашев Нургазы Акунжанович
Директорлор кеңешинин мүчөсүСеиткожиева Мира Успековна
Корпоративный секретарьШариат кеңеши
Асылбеков Эмильбек Маманович
Шарият кеңешинин төрагасыЭшонкулов Тожидин Мусурманкулович
Шарият кеңешинин мүчөсүАлимбеков Олжобай Болушович
Шарият кеңешинин мүчөсүБанк башкармасы
Ишенбаев Максатбек Бейшенбекович
Башкармалыктын төрагасы
Банк ишинде, камсыздандырууда жана лизингде 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар тажрыйбалуу финансист жана менеджер. Кыргызстандагы алдыңкы каржы институттарын, анын ичинде коммерциялык жана Улуттук банкты жетектеген. Финансылык башкаруу, акча-кредит саясаты жана банктык жөнгө салуу тармагында терең билими бар. 2025-жылдан тартып «МБанк» ААК Башкармалыгынын Төрагасы кызматын аркалап келет.
Билими:
- Кыргыз улуттук университети, экономика факультети.
- Япония, Сайтама университети, The Graduate School of Policy Science, саясат таануу боюнча магистратура.
- КР Президентинин алдындагы башкаруу академиясы, «Бизнес-администрирование» адистиги.
- Кытай, Австрия, Улуу Британия университеттеринде окуган.
Кесиптик тажрыйбасы:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ар түрдүү кызматтарда иштеген.
- «Энергобанкта» Башкармалыктын төрагасынын орун басары жана төрагасы кызматтарын ээлеген.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында төраганын орун басары болгон.
- «Бай Түшүм» ААКда башкы аткаруучу директор (CEO) болуп иштеген

Торалиев Марат Тынчтыкбекович
Стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча төраганын биринчи орун басары
Бизнес-трансформация жана санариптик өнүгүү тармагында 15 жылдык тажрыйбасы бар тажрыйбалуу жетекчи. Телекоммуникация, каржы жана IT секторлорунда иштеген. КМШ, Европа жана Азия өлкөлөрүндө эл аралык тажрыйба топтогон. 2022-жылдан тартып «MBANK» стратегиясын иштеп чыгуу жана санариптик трансформация багыттарын көзөмөлдөйт.
Билими:
- Улуу Британия, Бат университети – финансы жана бухгалтердик эсеп боюнча магистр.
- Кыргыз-Орус Славян университети – инженер-программист адистиги.
Кесиптик тажрыйбасы:
- Эмгек жолун Coca-Cola компаниясында финансылык аналитик болуп баштаган.
- Beeline Кыргызстан компаниясында жетекчилик кызматтарды аркалаган, анын ичинде Chief Transformation Officer жана CFO.
- Balance.kg финтех-компаниясында башкы аткаруучу директор (CEO) болгон.
- Эл аралык VEON группасында трансформациялык долбоорлорду координациялаган.

Суранаев Кайратбек Джумгалбекович
Кредиттөө жана ислам терезеси боюнча төраганын биринчи орун басары
Банк, финтех, сатуулар жана корпоративдик башкаруу тармактарында көп жылдык тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу эксперт. Каржы компанияларында негизги жетекчилик кызматтарды ээлеген. Банктын эң жаш директорлорунун бири болуп саналат жана бир катар ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырган. Банктын кредиттик ишмердүүлүгүн, анын ичинде исламдык жана санариптик өнүмдөрдү, ошондой эле сатууларды координациялайт.
Билими:
- Бишкек финансы-экономика техникуму – финансист.
- КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы – экономист.
- Эл аралык Башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясы – юриспруденция адистиги.
Кесиптик тажрыйбасы:
- Эмгек жолун «Халык Банк Кыргызстан»да баштаган.
- «Азия Истейт» ЖАКта коммерциялык директор болуп иштеген.
- 2010-жылы «МBANK» командасына кошулган. Кредит берүү бөлүмүнүн жетекчи адисинен тартып филиалдарды башкарган. 2019-жылдан бери банктын негизги жетекчилик кызматтарын аркалап келет.

Огонбаева Кайыргуль Шабдановна
«МБанк» ААК Башкармалыгынын мүчөсү, HR-департаментинин директору
Телеком жана банк секторлорунда 20 жылдык башкаруу тажрыйбасы бар топ-менеджер. HR, маркетинг, санариптик каналдар жана кардарларды тейлөө боюнча адистешкен. Анын «MBANK’ка» келишинен тартып банктын ири трансформациясы башталган. 2024-жылы банк HeadHunter версиясы боюнча Борбор Азиянын Эң мыкты иш берүүчүсү деп табылган.
Билими:
- Бишкек финансы-экономика техникуму – финансист.
- Эл аралык башкаруу академиясы – бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги.
Кесиптик тажрыйбасы:
- Эмгек жолун 2005-жылы МБТКда баштап, кийин «Бител» Кыргызстан ЖЧКсына өткөн.
- Beeline Кыргызстан компаниясында 15 жыл иштеп, эксперттен бөлүм жетекчисине чейин көтөрүлгөн.
- 2021-жылдан бери «MBANK’тын» HR-департаментин жетектейт.
Фоменко Сергей Александрович
«МБанк» ААК Башкармалыгынын мүчөсү
Банк тармагында 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар адис. Ири каржы мекемелеринде ар кандай кызматтарды аркалаган. 2021-жылдан бери «MBANK’та» иштейт, 2022-жылдан тартып Башкармалыктын мүчөсү болуп дайындалган.
Билими:
- Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети, экономика факультети.
Кесиптик тажрыйбасы:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында иштеген.
Эсептөө-үнөмдөө компаниясында стажердон Казына бөлүмүнүн башчысына чейин көтөрүлгөн.
КИКБ, «Айыл Банк», «АзияУниверсалБанк», «Росинбанк», «ФИНКА» банк сыяктуу банктарда иштеген.

Райынбекова Миргуль Бейшеналиевна
«МБанк» ААК Башкармалыгынын мүчөсү – Башкы бухгалтер
Бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук тармагында жогорку кесипкөйлүккө ээ, 19 жылдан ашык тажрыйбасы бар жетекчи. 2009-жылдан бери иштеп, катардагы адистен башкы бухгалтерге чейин көтөрүлгөн.
Билими:
- Бишкек финансы-экономика техникуму – бухгалтер.
КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы – экономист.
Кесиптик тажрыйбасы:
- «Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясында», «Айыл Банкте» жана МКА «Ала-Тоо» уюмунда иштеген.
«MBANK’та» филиалдын башкы бухгалтеринен башкаруу аппаратынын башкы бухгалтеринин орун басарына чейин кызматтарды аркалаган.

Калиниченко Максим Николаевич
«МБанк» ААК Кардарлык тажрыйба жана тейлөө департаментинин директору
Телеком, камсыздандыруу, логистика жана банк секторлорунда 21 жылдык башкаруу тажрыйбасы бар топ-менеджер. Кардарлык тажрыйба, тейлөө жана кардарлар менен мамиле куруу тармагында адистешкен. Башкаруу көндүмдөрү боюнча практик тренер. 2024-жылы «MBANK» командасына кошулуп, кардарларды тейлөө, клиентоцентрдик маданият түзүү жана бардык байланыш чекиттеринде кардарлардын тажрыйбасын жакшыртуу багыттарына жооптуу.
Билими:
- Ярослав Мудрый атындагы Новгород мамлекеттик университети, тарых факультети.
Кесиптик тажрыйбасы:
- «Veon» (TM Beeline) компаниялар тобунда Россияда, Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда иштеп, байланыш-борбор операторунан топ-менеджерге чейин көтөрүлгөн.
- Москвадагы «Сбер» банкында кардарлык тажрыйба боюнча аткаруучу директор болгон, ошондой эле камсыздандыруу жана транспорттук логистика тармактарында иш тажрыйбасы бар.